Жанылыктар

ОшМУнун МФТИТ институтунда ишембилик!

ОшМУнун МФТИТ институтунда ишембилик! 14-март күнү ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар (МФТИТ) институтунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан жарыяланган «Жазгы үч айлык» акциясынын алкагында ишембилик өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө институттун айланасы, короосу жана көчөлөр тазаланып, айлана-чөйрө иретке келтирилип, суулар себилди. Ар ишембиде график менен студенттер катышышат. Бул ишембиликке 14 тайпа активдүү катышты. Мындай тазалык иш-чаралары ар жуманын ишемби күнү өткөрүлүп, институттун айланасын көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоо максатын көздөйт.
34 07:24 14-03-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|