Haber

Мыктылар – 2026 конкурс

ОшМУнун ОСМБК тарабынан уюштурулуп жаткан «Мыктылар – 2026» конкурсуунун 2-этабы медицина факультетинде расмий түрдө башталды. Факультетте атайын комиссия түзүлүп, анын курамына госпиталдык терапия кафедрасынын окутуучулары Садыкова А.А., Жообасарова Д.Ж., Айтиева А.К. кирип, өз ишин баштады. Конкурстун жобосуна ылайык, комиссиянын мүчөлөрү конкурсант-окутуучулардын сабактарына катышып, алардын сабак өтүү усулдарын, студенттер менен иштөө деңгээлин жана педагогикалык чеберчилигин баалоодо. Бул конкурс окутуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга, инновациялык окутуу ыкмаларын жайылтууга жана билим берүү сапатын арттырууга багытталган.
23 05:32 16-03-2026

                 

Haber

|< >|