Haber

«Жаздын биринчи күндөрү – Жан апам» аттуу адабий-музыкалык кече

Медицина факультетинин 101- чоң актовый залында 2026-жылдын 12-март күнү «Жаздын биринчи күндөрү – Жан апам» аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Кечени Аялдар кеңешинин төрайымы, доцент Касиева Гулсара Кенешовна жана кыргыз тили дицсиплинасынын улук окутуучусу Толубаева Гулнара Мамыровна менен биргеликте уюштурушту. Катышуучулар: медицина факультетинин деканы, м.и.к., доцент Мамшарипов К.М., факультеттин эл аралык мамилелер боюнча декандын орун басары, улук окутуучу Жообасрова Д.Ж., табигый илимдер дисциплинасы кафедрасынын окутуучулары Атакулова Б.М., Кадырбаева С. С., нормалдуу, патологиялык физиология жана фармакология кафедрасынын окутуучусу Каримова Ж.М. жана биохимия кафедрасынын доценттери Ташматова Н.К., Жаркынбаева Р.А., о.э. эл аралык медициналык билим берүү программалары (долбоордук программалар) кафедрасынын улук окутуучусу Ашимова Р. жана студенттер болушту. Иш-чаранын максаты: • Энеге болгон урмат-сыйды даңазалоо; • Үй-бүлөлүк жана улуттук баалуулуктарды бекемдөө; • Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолунун негизинде жаштарды мекенчилдикке, адамгерчиликке тарбиялоо. (Жай, назик музыка жаңырып турду). “Энекем менин байлыгым” 1. «Эненин баалуулугу» поэзия мүнөтү. Бир нече студенттер апа тууралуу ырларды көркөм окушат. 2. 2-курсунун стоматология адистигинин студенти Эмирден белек болду. 3. Сахналык көрүнүш. (сахналаштыргандар: 1-курс сстоматология адистигинин 3-тайпасынын студенттери). 4. Энеден кат. (ар бир студенттерге өз энелеринен келген катты окуп жаткан видеолору). 5. Видео кыска метраждуу клип “Эне жүрөгү” (Казакча) 6. «Эне кайрадан жаралайынчы» музыкалык белек Халботоева Жылдызай, дарылоо иши адистигинин 1-курсунун студенти 7. Сөз медицина факультетинин деканы, м.и.к., доцент Мамшарипов Кылычбек Мамадалиевичте болду. Эне — бул жаз сыяктуу. Жүрөккө жылуулук берип, өмүргө дем берет. Жан апалар аман болсун! Жыйынтык: иш чара өз максатына жетти, бир аз болсо да студенттер үчүн эң керектүү маалыматтар болду.
24 11:39 16-03-2026

                 

Haber

|< >|