Haber

Биохимия сабагы: Заманбап ыкмалар менен окутуу

Табигый илимдер жана математика факультетинин окутуучусу Талатарова Саламат 2026-жылдын 17-мартында GM1 24-топ студенттерине биохимия дисциплинасынан “Биосинтез, протеин, пептид жана аминокислоталар” темасында мазмундуу жана жандуу сабак өттү. Сабак заманбап окутуу ыкмаларынын негизинде уюштурулуп, студенттердин активдүү катышуусу менен өттү. Виртуалдык лаборатория колдонулуп, теория практика менен айкалыштырылды. Интерактивдүү методдор (суроо-жооп, талкуу), критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүргөн тапшырмалар, визуалдык материалдар жана санариптик технологиялар кеңири пайдаланылды. Мындан тышкары, STEM элементтери, кейс-метод жана проблемалык окутуу ыкмалары колдонулуп, студенттердин кызыгуусун арттырууга жана теманы терең өздөштүрүүсүнө шарт түзүлдү.
53 07:04 17-03-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|