Жанылыктар

УЛУТТУК САЛТ САХНАДА – ЖЕҢИШ ЖУРНАЛИСТТЕРДЕ!

Бүгүн, 17-мартта ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда “УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” уңгужолун ишке ашыруу максатында жана Нооруз майрамына карата уюштурулган “Бабалар салтын сактайбыз” аттуу студенттик тайпалар арасындагы кыргыз элинин каада-салттары боюнча театралдык коюмдар жана монологдор конкурсу жыйынтыкталды. Сынакта студенттер улуттук мурастарыбызды сахна аркылуу жандандырып, жогорку деңгээлдеги чыгармачылык жана мыкты даярдык менен өз өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында 1-орунду журналистика адистигинин ЖК(б)-1-25, 3-орунду ЖК(б)-1-24 тайпасы ээледи. Жеңүүчүлөргө өзгөчө белек катары “Арстанбап” эс алуу жайына жолдомо ыйгарылды. Бул ийгилик – студенттердин аракетинин, биримдигинин жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматынын натыйжасы. Жеңүүчүлөрдү чын дилибизден куттуктайбыз жана алдыда дагы ийгиликтерди каалайбыз!
16 05:46 18-03-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|