Бүгүн, 17-мартта ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда “УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” уңгужолун ишке ашыруу максатында жана Нооруз майрамына карата уюштурулган “Бабалар салтын сактайбыз” аттуу студенттик тайпалар арасындагы кыргыз элинин каада-салттары боюнча театралдык коюмдар жана монологдор конкурсу жыйынтыкталды.
Сынакта студенттер улуттук мурастарыбызды сахна аркылуу жандандырып, жогорку деңгээлдеги чыгармачылык жана мыкты даярдык менен өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Жыйынтыгында 1-орунду журналистика адистигинин ЖК(б)-1-25, 3-орунду ЖК(б)-1-24 тайпасы ээледи.
Жеңүүчүлөргө өзгөчө белек катары “Арстанбап” эс алуу жайына жолдомо ыйгарылды.
Бул ийгилик – студенттердин аракетинин, биримдигинин жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматынын натыйжасы. Жеңүүчүлөрдү чын дилибизден куттуктайбыз жана алдыда дагы ийгиликтерди каалайбыз!