ФжМАИКИнин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучусу Айдаралиева Айгүл Акимовна 2026-жылдын 16-мартында АКШдагы эл аралык академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Лос-Анджелес шаарында жайгашкан “Southern California State University” университетине иш сапары менен баргандыгы маалымдалат.
Иш сапардын жүрүшүндө ал окуу программалары менен кеңири таанышып, өзүн кызыктырган маселелер боюнча тиешелүү маалыматтарды жана жоопторду алган.











