News

ОшМУнун студенттери №12 көмөкчү мектебинин тарбиялануучуларын Нооруз майрамы менен куттукташты

Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинин студенттери жана педагогика кафедрасынын алдындагы «Креатив хаб» ийриминин активисттери Ош шаарындагы №12 көмөкчү мектебине кайрымдуулук сапары менен барышты. Иш-чаранын алкагында студенттер мектептин өзгөчө муктаждыгы бар тарбиялануучуларына майрамдык концерттик программа тартуулап, Нооруз майрамына карата жылуу куттуктоолорун айтышты. Мындан сырткары, балдардын социалдык адаптациясына көмөктөшүү максатында ар кандай интерактивдүү оюндар уюштурулуп, белектер тапшырылды. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар келечектеги педагогдордун боорукердик, гумандуулук сапаттарын калыптандырууда жана коомдогу социалдык жоопкерчиликти арттырууда чоң мааниге ээ.
21 10:05 18-03-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|