ОшМУда институттар жана факультеттер арасында кыргыз тили дисциплинасы боюнча олимпиаданын 2- туру болуп өттү
12:24
18-03-2026
10
2026- жылдын 17- мартында ОшМУда институттар жана факультеттер арасында кыргыз тили дисциплинасы боюнча олимпиаданын 2- туру болуп өттү. Анда 1- турда жеңишке ээ болгон улантуучу жана баштоочу агымдардын студенттери кыргыз тили дисциплинасы боюнча билимдерин сынашты. Баштоочу агымдар багытында биринчи орунду медицина факультетинин дарылоо иши адистигинин ЛБ-3-25 агымынын студенти Иманкулова Сорахон багындырып ( окутуучусу ф.и.к. доц. С.Давлатова), l даражадагы диплом менен сыйланды жана аймактык олимпиадага жолдомо алды. Жеңүүчүбүзгө аймактык олимпиадада ийгилик каалайбыз!