STEM инновациялык колледжинде түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара студент жаштар арасында экстремизм, терроризм жана радикализмдин алдын алуу, ошондой эле улуттар жана диндер аралык ынтымакты чыңдоо максатында уюштурулду.
Жолугушууда студенттерге диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, радикализм, экстремизм жана терроризм түшүнүктөрү тууралуу маалымат берилип, мындай терс көрүнүштөрдөн алыс болуунун мааниси түшүндүрүлдү.
Мындай иш-чаралар жаштардын туура багытта тарбияланышына жана коомдук коопсуздукту сактоого чоң жардам берет.