Институтта Ош шаарынын ишкерлери менен салык органдарынын жолугушуусу болуп өттү
07:25
19-03-2026
11
Экономика, бизнес жана менеджмент институтунда Ош шаарынын ишкерлери менен Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан уюштурулган жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов катышты.
Жолугушуу институттун базасында өткөрүлүп, бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ачык диалог үчүн маанилүү аянтча болуп берди.
Жандуу баарлашуу форматында өткөн иш-чарада ишкерлер өздөрүнүн актуалдуу суроолорун берип, салык кызматынын жетекчилигинен түз жоопторду алышты. Ошондой эле бизнес чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөр талкууланып, салыктык башкаруунун заманбап инструменттери, анын ичинде «Салык күзөт» системасы тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр кеңири түшүндүрүлдү.
Бул иш-чаранын Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун базасында өткөрүлүшү анын мамлекеттик органдар, бизнес жана академиялык коомчулук ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аянтчасы катары ролун бекемдөөгө өбөлгө түздү. Мындай жолугушуулар студенттер менен окутуучулардын кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө гана эмес, ошондой эле аймактагы заманбап экономикалык чөйрөнү калыптандырууда институттун маанисин жогорулатууга шарт түзөт.