Haber

Айт жана Ноорузга карата STEM колледжинде ишембилик өткөрүлдү

Айт жана Нооруз майрамдарына карата STEM инновациялык колледжинде санитардык тазалоо иштерин уюштуруу максатында ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликке колледждин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери активдүү катышышты. Иш-чаранын алкагында ар бир окуу корпусунда жана анын айланасында тазалоо иштери жүргүзүлүп, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар бөлмөлөрдү, коридорлорду тазалап, таштандыларды чыгарып, жашыл аймактарды иретке келтиришти. Бул ишембилик колледжде тазалыкты сактоо менен бирге жамааттын ынтымагын бекемдөөгө жана майрамдарды таза, жагымдуу шартта тосуп алууга өбөлгө түздү.
77 07:57 19-03-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|