Ош облусунун казысы Султаналы ажы Гапуров студенттерибизге конок лекция өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө конок лектор билимдин адам жашоосундагы мааниси, анын инсан катары калыптанышындагы ролу, ошондой эле коомдун өнүгүүсүндөгү орду тууралуу кеңири баяндап берди. Лектор өзүнүн турмуштук тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштарды билим алууга, изденүүгө жана максаттуу жашоого чакырды.
Студенттер лекцияга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, пайдалуу жоопторду алышты. Мындай жолугушуулар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө, тарбиялык маанисин жогорулатууга жана келечекке болгон көз карашын бекемдөөгө чоң салым кошот.