«Тил көндүмдөрүн, өзгөчө жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү»
13:19
19-03-2026
72
Сауд Арабия Падышачылыгы
Падыша Салман атындагы Эл аралык араб тили академиясы
Ош мамлекеттик университети
Эл аралык билим берүү программалары колледжи
ПДА9с-1-25, ПДА9с-1-24, ПДА9с-1-23 араб тайпалары үчүн онлайн форматта эл аралык семинар уюштурулду.
Аталган иш-чара Сауд Арабия Падышачылыгындагы Падыша Салман атындагы Эл аралык араб тили академиясы менен кызматташтыктын алкагында өткөрүлдү. Семинарда катышуучулар тил үйрөнүүнүн заманбап ыкмалары, жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнүн эффективдүү жолдору жана практикалык колдонуу тууралуу кеңири маалымат алышты.
Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер активдүү катышып, суроолорун берип, пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Мындай эл аралык семинарлар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, чет тилдерди өздөштүрүүгө болгон кызыгуусун арттырууга жана кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
Семинарга катышкан студенттерге академия тарабынан тиешелүү сертификаттар ыйгарылды.