ОшМУнун журналистика кафедрасынын лаборанты республикалык сынакта байгелүү орунду ээледи.
09:03
23-03-2026
24
2026-жыл,19-март Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун 70 жылдык мааракесине карата “Таланттуу журналист жана гуманист жазуучу” аттуу илимий конференция болду. Конференцияда КР эмгек баатыры Миталип Мамытов, КР эл жазуучусу Асан Жакшылыков, академик Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов баштаган адабияттын дөө-шаалары катышып сөз сүйлөдү. Конференциянын алкагында КР Улуттук жазуучулар союзу уюштурган жаш калемгерлердин конкурсунун жыйынтыгы чыгып, анда ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун журналистика кафедрасынын лаборанты Эльнура Кудайбердиева 2-орунду ээлеп, 25 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алды. Эске алсак, конкурс республикалык деңгээлде уюштурулуп, өлкөбүздөн 30 жашка чейинки 50дөн ашык жаш калемгерлер ат салышкан.