Новости

"Сотко чейинки өндүрүштөгү тергөө аракеттериндеги актуалдуу көйгөйлөр" конок лекция

23.03.2026-жыл ОшМУнун Тарых-юридика институту менен Б.Сыдыков атындагы Кыргыз Өзбек Эл Аралык Университетинин юридика-экономикалык факультетинин ортосундагы түзүлгөн академиялык мобилдүүлук программасынын алкагында, юриспруденция бакалавр багытынын күндүзгү бөлүмүнүн 6-7-семестрде окутулуучу "Кылмыш-жаза процессуалдык укугу" предмети боюнча 3-курсунун Ю-1-23 тайпасына, 2-парада, 313-ауд., 09:30-10:50до конок лекция өтүлдү. ОшМУнун ТЮИнун "Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын улук окутуучусу Жээнбекова Жазгүл Субановна тарабынан, "Сотко чейинки өндүрүштөгү тергөө аракеттериндеги актуалдуу көйгөйлөр" деген темада конок лекция өтүлдү. Теманын бүгүнкү күндөгү актуалдуулугу жана учурдагы көптөгөн практикалык көйгөйлөрүнүн келип чыгуу себептери, аларды алдын-алуу жана чечүү жолдору сунушталып, алар жөнүндөгү маселелери каралды. Жыйынтыгында, студенттер тарабынан, теманын мазмуну боюнча, суроо берилип, жооптор алынып, кызуу талкуулар жүргүзүлдү. Натыйжада: конок лекциянын жүрүшүндө аудитория активдүү катышып, жемиштүү аяктады.
52 04:44 24-03-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|