Новости

«Илимий макаланы жазуу жана жарыялоо боюнча колдонмо»

2026-жылдын 24-мартында англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти, Филология боюнча PhD Акматова Айниса Абдибаитовна магистранттар үчүн «Илимий макаланы жазуу жана жарыялоо боюнча колдонмо» аттуу темада тегерек стол өткөрдү. Иш-чара «Академиялык изилдөө долбоору» дисциплинасынын алкагында уюштурулуп, Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун алдыдагы илимий-практикалык конференциясына арналды.

Тегерек стол магистранттарга академиялык жазуу жана илимий макалаларды жарыялоо боюнча маанилүү маалыматтарды берди. Катышуучулар талкууларга активдүү катышып, өз изилдөө идеяларын сунуштап, илимий жетекчилерден жана доценттерден баалуу сунуштарды алышты. Иш-чара студенттердин илимий жана академиялык компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

18 09:44 25-03-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|