Нооруз майрамына карата медицина факультетинде иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага Ички оорулардын пропедевтикасы кафедрасы да активдүү катышты.
Майрамдык иш-чарага кафедранын окутуучусу Аралова Жыргал жигердүү катышып, университеттин коомдук жашоосуна кошкон салымы менен өзгөчөлөндү.
Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук каада-салттар даңазаланып, маданий программалар тартууланды. Нооруз – элдин биримдигин, ынтымагын чыңдаган, жаздын келишин жар салган өзгөчө майрам болуп саналат.