Haber

Нооруз майрамы.

Нооруз майрамына карата медицина факультетинде иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага Ички оорулардын пропедевтикасы кафедрасы да активдүү катышты. Майрамдык иш-чарага кафедранын окутуучусу Аралова Жыргал жигердүү катышып, университеттин коомдук жашоосуна кошкон салымы менен өзгөчөлөндү. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук каада-салттар даңазаланып, маданий программалар тартууланды. Нооруз – элдин биримдигин, ынтымагын чыңдаган, жаздын келишин жар салган өзгөчө майрам болуп саналат.
63 06:36 26-03-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|