«Улут уңгусунан жанган кош жылдыздар» маданий кечеси жогорку деңгээлде өттү
12:38
26-03-2026
59
Президенттин Жарлыгына ылайык уюштурулган «Улут уңгусунан жанган кош жылдыздар» аттуу маданий кече жогорку деңгээлде өткөрүлүп, көрүүчүлөргө унутулгус таасир тартууланды.
Салтанаттуу иш-чара бүгүн 25-март күнү Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинде өткөрүлүп, ага ардактуу коноктор, окутуучулар, студенттер жана маданият өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын ачылышында Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.С. Шарипова, Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Н.А. Мапаева, Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси М.М. Былыкова жана колледжибиздин директору Б.К. Абдылакимова куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, мындай маданий иш-чаралар окутуучулардын ортосунда ынтымакты бекемдеп, жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, улуттук аң-сезимди калыптандырууда өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилешти.
Концерттин жүрүшүндө улуттук өнөрдүн көркөм үлгүлөрү тартууланып, сахнада кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана руханий дүйнөсүн чагылдырган көрүнүштөр мыкты деңгээлде көрсөтүлдү. Колледждин окутуучуларынан чыккан катышуучулардын жогорку чеберчилиги, сахналык маданияты жана чыгармачылык изденүүсү көрүүчүлөр, калыстар тобу тарабынан жылуу кабыл алынып, өзгөчө баага ээ болду.
Иш-чаранын жыйынтыгында бөлүмдөр арасында катышуучулар өз өнөрлөрүн мыкты деңгээлде көрсөтүшкөндүгү үчүн калыстар тобунун чечими менен информация жана коммуникациялык дисциплиналар бөлүмү гран-при, профессионалдык дисциплиналар бөлүмү I, дирекция II, адистештирилген дисциплиналар бөлүмү III жана информациялык технологиялар бөлүмүнүн кош жылдыздары
IV орундарды ээлешип, жеңүүчүлөр сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.
Бул маданий иш-чара жаш муунду улуттук баалуулуктарга тарбиялоодо, маданий мурастарды сактоо жана жайылтууда чоң мааниге ээ экендигин дагы бир ирет далилдеди.