“Уңгу жол - тарыхый контексте” деген темада лекция окуду
08:17
28-03-2026
31
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын алкагында конок-лекция уюштурулду.
Иш-чарага лектор катары ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин "Коомдук илимдер жана аскерге чейинки даярдоо билим берүү" ПЦКсынын окутуучусу Зарлыкбек Акматбекович Солтоев чакырылып, “Уңгу жол - тарыхый контексте” деген темада лекция окуду. Ага кафедранын окутуучулар жамааты жана студенттери катышты.
Саамалыктын жүрүшүндө лектор улуттун тили, тарыхы, маданияты жана нарк баалуулуктарынын жарандар тарабынан колдонулушу, дүйнөгө таанытылышы жөнүндө кеңири түшүнүктөрдү берип, кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.
Белгилей кетсек, аталган иш-чарада студенттердин арасында Унгужолду жайылтуу максатында откорулгон олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, женуучулор сыйланды.