ФЮКтун окутуучусу Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. компаниясында тажрыйба алмашуу иш сапарында болуп келди
03:16
30-03-2026
11
ФЮКтун окутуучусу Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. компаниясында тажрыйба алмашуу иш сапарында болуп келди
Колледждин Табият таануу жана тилдер бөлүмүнүн окутуучусу Бапышова Анаргүл Жапаровна Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. компаниясында робототехника жана инновациялык технологиялар багытында тажрыйба алмашуу иш сапарында болуп келди.
Иш сапар Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. компаниясынын расмий чакыруусу менен уюштурулуп, 2026-жылдын 2–7-февралында Сучжоу шаарында өткөн «2026 Huibo – ОшМУ кызматташтык жумалыгы» алкагында өттү.
Huibo Robotics (Сучжоу)
Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. — өнөр жай робототехникасы, акылдуу өндүрүш (smart manufacturing) жана инженердик билим берүү багытында адистешкен Кытайдагы алдыңкы компаниялардын бири. Компания жогорку технологиялуу окуу-өндүрүштүк лабораторияларды түзүү, эл аралык деңгээлде адистерди даярдоо жана университеттер менен биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча чоң тажрыйбага ээ. Ошондой эле Huibo Robotics ШКУ өлкөлөрү үчүн кадрларды даярдоо жана өндүрүштү модернизациялоого багытталган долбоорлорду ишке ашырып келет.
Иш сапардын жүрүшүндө окутуучу:
•заманбап робототехника жана автоматташтыруу системалары менен таанышты;
•өндүрүш процесстерин санариптештирүү жана акылдуу башкаруу технологияларын өздөштүрдү;
•инновациялык лабораториялардын иштөө принциптерин үйрөндү.
Программа төмөнкү негизги багыттарды камтыды:
1.Өнөр жай робототехникасы (Industrial Robotics)
2.Акылдуу өндүрүш (Smart Manufacturing)
3.Эл аралык кадрларды даярдоо (Global Talent Development)
4.Биргелешкен илимий изилдөөлөр (Joint Research)
5.Окуу-тажрыйбалык базаларды өнүктүрүү (Training Base Construction)
6.Окутуучулар жана студенттер алмашуусу (Faculty-Student Exchanges)
Бул эл аралык программа:
•окутуучулардын кесиптик тажрыйбасын байытууга;
•билим берүү процессине заманбап технологияларды киргизүүгө;
•эл аралык академиялык кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Жыйынтыгында, аталган иш сапар колледждин билим берүү сапатын жогорулатууга жана инновациялык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.