ФЮКтун окутуучусу Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. компаниясында тажрыйба алмашуу иш сапарында болуп келди
03:16
30-03-2026
9
ФЮКтун окутуучусу Кытайдын Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. компаниясында тажрыйба алмашуу иш сапарында болуп келди
Колледждин Табият таануу жана тилдер бөлүмүнүн окутуучусу Бапышова Анаргүл Жапаровна Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. компаниясында робототехника жана инновациялык технологиялар багытында тажрыйба алмашуу иш сапарында болуп келди.
Иш сапар Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. компаниясынын расмий чакыруусу менен уюштурулуп, 2026-жылдын 2–7-февралында Сучжоу шаарында өткөн «2026 Huibo – ОшМУ кызматташтык жумалыгы» алкагында өттү.
Huibo Robotics (Сучжоу)
Jiangsu Huibo Robotics Technology Co., Ltd. — өнөр жай робототехникасы, акылдуу өндүрүш (smart manufacturing) жана инженердик билим берүү багытында адистешкен Кытайдагы алдыңкы компаниялардын бири. Компания жогорку технологиялуу окуу-өндүрүштүк лабораторияларды түзүү, эл аралык деңгээлде адистерди даярдоо жана университеттер менен биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча чоң тажрыйбага ээ. Ошондой эле Huibo Robotics ШКУ өлкөлөрү үчүн кадрларды даярдоо жана өндүрүштү модернизациялоого багытталган долбоорлорду ишке ашырып келет.