Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү!
04:02
30-03-2026
9
Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде, 2026-жылдын 27-март күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарлыгынын негизинде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында түрк тилдүү улуттардын улуттук тамак-аш жарманкеси уюштурулуп, ар бир улуттун салттуу тамак-аштары тартууланды.
Колледждин окутуучуларынын ортосунда «Кыз-жигит сармерден» оюну өткөрүлүп, улуттук өнөр жана салттар чагылдырылды.
Студенттер менен окутуучулардын ортосунда кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулуп, катышуучулар активдүү катышышты.
Бул иш-чаралар улуттук маданий мурастарды жайылтууга жана жаштардын салтка болгон кызыгуусун арттырууга багытталды.
Бул иш-чарага ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Мапаева Н. А., ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова М.С., ОшМУнун ф-и.к.доцент, манасчы, акын М. Ч. Осконбаев келип катышып, ОшМУнун ыраазычылык катын тапшырып, иш чаранын жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилешти.
Нооруз майрамына арналган бул салтанат жогорку деңгээлде уюштурулуп, улуттук баалуулуктарды даңазалоого өзгөчө салым кошту.
Майрамдык иш-чарага колледждин окутуучулары жана студенттери катышып, улуттук маданиятты, каада-салттарды жана салттуу баалуулуктарды даңазалаган программалар көрсөтүлдү.
Уюштуруучу: Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Термечикова Ы. А.