Эл аралык мамилелер бөлүмүндө «Нооруз – жакшылыктын жарчысы» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү
10:27
30-03-2026
50
«Нооруз – жакшылыктын жарчысы» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү
2026-жылдын 24-мартында Эл аралык мамилелер бөлүмүндө «Нооруз – жакшылыктын жарчысы» аттуу маданий-оюн-зоок иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш-чарага 1-курстан 4-курска чейинки студенттер активдүү катышып, улуттук маданиятты, каада-салттарды жана руханий баалуулуктарды даңазалоого багытталган мазмундуу программа тартуулашты. Атап айтканда, 1-курс студенттери кыргыз элинин улуттук бийин жогорку чеберчилик менен аткарышса, 2-курс студенттери музыкалык номерлерди сунуштап, улуттук каада-салттарды сахналаштыруу аркылуу кеңири чагылдырды.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу улуттук спорттук оюндар уюштурулуп, кыргыз элинин салттуу тамак-аштарынын жармаңкеси даярдалды. Айрыкча, сүмөлөк кайнатуу салты көрсөтүлүп, ага окутуучулар катышып, күбө болушту.
Иш-чаранын уюштуруучулары бардык иштерди жогорку жоопкерчилик менен жүргүзүп, жогорку деңгээлде камсыздашты.
Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга, улуттук баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт