Haber

Эл аралык мамилелер бөлүмүндө «Нооруз – жакшылыктын жарчысы» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү

«Нооруз – жакшылыктын жарчысы» аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү 2026-жылдын 24-мартында Эл аралык мамилелер бөлүмүндө «Нооруз – жакшылыктын жарчысы» аттуу маданий-оюн-зоок иш-чарасы жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү. Иш-чарага 1-курстан 4-курска чейинки студенттер активдүү катышып, улуттук маданиятты, каада-салттарды жана руханий баалуулуктарды даңазалоого багытталган мазмундуу программа тартуулашты. Атап айтканда, 1-курс студенттери кыргыз элинин улуттук бийин жогорку чеберчилик менен аткарышса, 2-курс студенттери музыкалык номерлерди сунуштап, улуттук каада-салттарды сахналаштыруу аркылуу кеңири чагылдырды. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу улуттук спорттук оюндар уюштурулуп, кыргыз элинин салттуу тамак-аштарынын жармаңкеси даярдалды. Айрыкча, сүмөлөк кайнатуу салты көрсөтүлүп, ага окутуучулар катышып, күбө болушту. Иш-чаранын уюштуруучулары бардык иштерди жогорку жоопкерчилик менен жүргүзүп, жогорку деңгээлде камсыздашты. Бул сыяктуу иш-чаралар студенттердин жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга, улуттук баалуулуктарды сактоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт
52 10:27 30-03-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|