Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери ишембилик өткөрүштү
10:29
30-03-2026
55
Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери ишембилик өткөрүштү
Эл аралык мамилелер бөлүмүндө кезектеги ишембилик 27-мартта уюштурулуп, анын алкагында бардык курстардын студенттери активдүү катышып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө өз салымдарын кошушту бөлүмдүн аймагын тазалоо жана иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин негизги максаты – тазалыкты сактоо маданиятын калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат. Мындай иш-чаралар студенттерди ынтымакка, эмгекке жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үндөйт.
Тазалык – ар бир жарандын күнүмдүк милдети. Ошондуктан айлана-чөйрөнү таза сактоого баарыбызды чакырабыз.