News

Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери ишембилик өткөрүштү

Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери ишембилик өткөрүштү Эл аралык мамилелер бөлүмүндө кезектеги ишембилик 27-мартта уюштурулуп, анын алкагында бардык курстардын студенттери активдүү катышып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүгө өз салымдарын кошушту бөлүмдүн аймагын тазалоо жана иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин негизги максаты – тазалыкты сактоо маданиятын калыптандыруу жана жарандык жоопкерчиликти жогорулатуу болуп саналат. Мындай иш-чаралар студенттерди ынтымакка, эмгекке жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга үндөйт. Тазалык – ар бир жарандын күнүмдүк милдети. Ошондуктан айлана-чөйрөнү таза сактоого баарыбызды чакырабыз.
54 10:29 30-03-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|