2026-жылдын 30-мартында ОшМУнун теология факультетинин 3-курсунун студенттери өндүрүштүк практикаларын өтөө үчүн Ош шаардык жана облустук казыяттарга, Сулайман-Тоо УТАМК, КР ЮМ ПДнын Ош жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгына жана тиешелүү билим берүү мекемелерине жөнөп кетишти. Окуу планына ылайык өндүрүштүк практика 2026-жылдын 30-мартынан 25-апрелине чейин уюштурулат. Студенттерди буйрукта көрсөтүлгөн окутуучу-усулчулар коштоп барып, мекеме-уюмдун жетекчи жана кызматкерлери менен тааныштырды, практиканттарга ийгиликтерди каалап, жумуш берүүчү тиешелүү уюм жана мекемелердин жетекчиликтерине ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.