«Кыргыз педагогикалык мурастары жана дүйнөлүк тажрыйба» аттуу регионалдык илимий-теориялык конференция
09:42
31-03-2026
19
2026-жылдын 25-мартында Ош мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган «Кыргыз педагогикалык мурастары жана дүйнөлүк тажрыйба» аттуу регионалдык илимий-теориялык конференция ийгиликтүү өткөрүлдү.
Аталган конференцияга ИПКнын башталгыч билим берүү адистигинин КК9-5-23 тайпасынын студенттери Абдимухтарова Жасмина жана Ысак кызы Өмүркан активдүү катышышты.
Илимий жетекчи Темирова Нурила Мусурмановнанын жетекчилиги астында студенттер төмөнкү темаларда илимий баяндамаларын сунушташты:
Ж. Абдимухтарова — «Башталгыч класстарда элдик педагогиканын элементтерин колдонуу менен адептүүлүккө тарбиялоо»;
Ө. Ысак кызы — «Башталгыч класстарда орфографиялык сабаттуулукту арттырууда интерактивдүү тапшырмаларды колдонуунун натыйжалуулугу».
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар өз изилдөөлөрүнүн актуалдуулугун негиздеп, теориялык жана практикалык маанисин көрсөтө алышты.
Жыйынтыгында, илимий иштерин ийгиликтүү коргогондугу жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө кошкон салымы үчүн студенттер атайын сертификаттар менен сыйланышты.
Бул иш-чара студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, педагогикалык тажрыйба алмашууга жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.