Haber

«Кыргыз педагогикалык мурастары жана дүйнөлүк тажрыйба» аттуу регионалдык илимий-теориялык конференция

2026-жылдын 25-мартында Ош мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган «Кыргыз педагогикалык мурастары жана дүйнөлүк тажрыйба» аттуу регионалдык илимий-теориялык конференция ийгиликтүү өткөрүлдү. Аталган конференцияга ИПКнын башталгыч билим берүү адистигинин КК9-5-23 тайпасынын студенттери Абдимухтарова Жасмина жана Ысак кызы Өмүркан активдүү катышышты. Илимий жетекчи Темирова Нурила Мусурмановнанын жетекчилиги астында студенттер төмөнкү темаларда илимий баяндамаларын сунушташты: Ж. Абдимухтарова — «Башталгыч класстарда элдик педагогиканын элементтерин колдонуу менен адептүүлүккө тарбиялоо»; Ө. Ысак кызы — «Башталгыч класстарда орфографиялык сабаттуулукту арттырууда интерактивдүү тапшырмаларды колдонуунун натыйжалуулугу». Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар өз изилдөөлөрүнүн актуалдуулугун негиздеп, теориялык жана практикалык маанисин көрсөтө алышты. Жыйынтыгында, илимий иштерин ийгиликтүү коргогондугу жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнө кошкон салымы үчүн студенттер атайын сертификаттар менен сыйланышты. Бул иш-чара студенттердин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, педагогикалык тажрыйба алмашууга жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.
21 09:42 31-03-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|