Haber

Кыргыз руху – тилинде жана салтында

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгынын алкагында 31-март күнү Кыргыз-Кытай факультетинде «Кыргыз руху – тилинде жана салтында» аттуу маданий иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – улуттук баалуулуктарды даңазалоо, тилди, каада-салттарды сактоо жана ар улуттун маданиятын өз ара тааныштыруу болду. Кеченин жүрүшүндө студенттер сармерден уюштуруп, улуттук оюн-зоок аркылуу кыргыз элинин бай маданиятын чагылдырышты. Ошондой эле ар кайсы улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын тартуулап, маданий өзгөчөлүктөрү менен бөлүшүштү. Майрамдык программа ыр-бийлер, көркөм номерлер менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Бул иш-чара студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, достукту бекемдөөгө жана көп улуттуу маданиятты урматтоого чоң салым кошту.
213 03:57 01-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|