Ош облустук сотунун судьялары студенттер менен жолугушусу
04:18
01-04-2026
11
Ош облустук сотунун судьялары студенттер менен жолугушту
Бүгүн, 2026-жылдын 31-мартында, Ош облустук сотунун судьялары Ош Мамлекеттик Университетинин тарых-юридика институтунун студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чарага Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов, төраганын орун басары Нурлан Абдразаков, Ош шаардык сотунун судьясы Алтынай Асаналиева, тарых-юридика институтунун профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышышты.
Иш-чарада Эрлан Асанов, жаштар арасындагы кылмыштуулук менен үй-бүлөдөгү зомбулуктардын болуп жаткандыгы жана киберкылмыштуулуктун өсүшү бүгүнкү коомдун актуалдуу көйгөйү экендигин көрсөтүү менен анын алдын алуу, профилактикалык иш-чараларды өткөрүп туруу жаш муундардын инсан болуп калыптануудагы зарылдыгын белгиледи.
Себеби коомдогу жаштардын жаркын келечекте жашашы, ар бир үй-бүлөдө бакубаттык жана коопсуздуктун болушу, жаш муундарга туура багыт берүү, коомдук колдоону күчөтүү жана зомбулукка каршы чараларды коомчулукка жеткирүү бул ар бир инсандын парзы экендигин өз сөзүндө айтып өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө судьялар Нурлан Абдразаков жана Алтынай Асаналиева мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, “Жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу” жана “Үй-бүлөдөгү зомбулук-бүгүнкү күндүн актуалдуу көйгөйү” деген теманын айланасында баяндама менен чыгышып, студенттер үчүн кеңири түшүндүрмө беришти.
Нурлан Абдразаков баяндамасында, коомдун келечеги болгон жаштардын туура тарбияланышы, алардын мыйзамды сыйлаган, жоопкерчиликтүү жаран болуп калыптанышы ар бир мамлекет үчүн негизги багыттардын бири болуп эсептелинерин, бирок акыркы жылдары жаштар арасында кылмыштуулуктун көбөйүшү коомдогу олуттуу көйгөйлөр бар экендигин көрсөтүп турарын, жаштар арасындагы кылмыштуулуктун пайда болушуна бир катар факторлор себеп боло тургандыгын белгилеп өттү: анда бул үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздиги, ата-эненин көзөмөлүнүн аздыгы да чоң роль ойной тургандыгын, ошондой эле социалдык-экономикалык шарттар да таасир эте тургандыгын, жумушсуздук, жакырчылык жана мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендиги жаштарды мыйзам бузууга түртүшү мүмкүн экендигине токтолду.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө интернет жана социалдык тармактардын таасири да чоң болуп жаткандыгын, айрым учурларда жаштар зордук-зомбулукка үндөгөн же мыйзамга каршы аракеттерди жайылткан маалыматтарды көрүп, ошолорду туура кабыл алып жаткандыгы айтылды.
Өз кезегинде Ош шаардык сотунун судьясы Алтынай Асаналиева Кыргыз Республикасынын баш мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, үй-бүлө - коомдун негизи, үй-бүлө, аталык, энелик, балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турарын баса белгилөө менен, жаштардын арасындагы кылмыштуулук менен катар өлкөбүздөгү эң көйгөйлүү маселелердин арасында үй-бүлөлүк зомбулук турарын көрсөтүп, үй-бүлөдөгү болуп жаткан зомбулуктун келип чыгуу себептерин айтып, анын коомго тийгизген кесепеттерин көрсөтүү менен зордук зомбулуктун алдын алуудагы жүргүзүлүүчү профилактикалык иш-чаралардын зарылдыгына токтолду.
Студенттер судьяларга кызыктырган суроолорун беришип, юридикалык кесипти тандоо, практика өтүү жана келечекте сот тармагында иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.
Мындай жолугушуулар жаш юристтердин билим деңгээлин жогорулатууга жана сот тутуму тууралуу түшүнүгүн кеңейтүүгө жардам берет. Мындан тышкары, келечектеги юристтерге сот системасынын иши тууралуу маалымат берүү жана алардын кесиптик багыт алуусуна көмөк көрсөтөт.