Локалдык тармактарды туташтыруу жана сегментациялоо
11:28
01-04-2026
10
ОшМУнун «Педагогикалык дебют–2026» конкурсу— бул жаш окутуучулардын кесиптик чеберчилигин, инновациялык ой жүгүртүүсүн жана заманбап билим берүү ыкмаларын көрсөтүүгө багытталган маанилүү аянтча. Аталган конкурс билим берүүдөгү жаңы багыттарды даңазалап, окутуучулардын чыгармачылык потенциалын ачууга өбөлгө түзөт.
Бул сынактын алкагында STEM инновациялык колледжинин ИКД (информациялык-куммуникациялык дисциплиналар) циклынын окутуучусу Дуйшеев Ноорузбек «Локалдык тармактарды туташтыруу жана бөлүү» темасында лабораториялык сабак өтүп, жогорку деңгээлдеги педагогикалык чеберчилигин даана көрсөтө алды.
Сабактын негизги максаты — студенттерге локалдык компьютердик тармактардын түзүлүшүн, иштөө принциптерин жана аларды сегментациялоо ыкмаларын терең өздөштүрүү болду. Окутуучу теориялык маалыматтарды практикалык тапшырмалар менен айкалыштырып, студенттердин аналитикалык ой жүгүртүүсүн жана техникалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.
Лабораториялык сабак учурунда заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар кеңири колдонулуп, тармактык жабдууларды конфигурациялоо, IP-даректөө, VLAN аркылуу тармакты бөлүү сыяктуу актуалдуу маселелер практикалык негизде иштелип чыкты. Студенттер ар бир тапшырманы өз алдынча чечүүгө жана жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк алышты.
Сабактын өзгөчөлүгү — окутуунун интерактивдүү жана студентке багытталган формаларынын натыйжалуу колдонулушу болду. Дуйшеев Ноорузбек билим берүү процессинде критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, көйгөйлөрдү чечүү жана инновациялык ыкмаларды өздөштүрүү принциптерин ийгиликтүү ишке ашырды.
Жыйынтыгында, аталган лабораториялык сабак «Педагогикалык дебют–2026» конкурсунун мазмунун байыткан маанилүү сабактардын бири болот деп ишенебиз.