Новости

“Улуттук оюндар – улуттун жүзү!”

2026-жылдын 27-мартында Индустриялдык-педагогикалык колледжи тарабынан Нооруз майрамына карата окутуучулар арасында салттуу спорттук-маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын алкагында аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, катышуучулар өздөрүнүн шамдагайлыгын, күчүн жана командалык биримдигин жогорку деңгээлде көрсөтө алышты. Мелдештин жыйынтыгында аркан тартыш боюнча: эжекелер арасында Филологиялык дисциплиналар циклынын комиссиясы 1-орунду, Педагогика жана психология дисциплиналар циклынын комиссиясы 2-орунду ээледи; эркектер арасында 40+ агайлар командасы 1-орунду, 40 жашка чейинки агайлар командасы 2-орунду багындырды. Мындан тышкары, жеке көрсөткүчтөр да өзгөчө белгиленди. Кол күрөш боюнча агайлар арасында: 1-орун — Акжигит, 2-орун — Сулайманов Заур, 3-орун — Эрмамат ээледи. Ал эми эжекелер арасында: Филологиялык дисциплиналар циклынын комиссиясынын окутуучулары Садык кызы Жаңылмырза 1-орунду, Эргешова Нурзат 2-орунду ээледи; Педагогика жана психология дисциплиналар циклынын комиссиясынын окутуучусу Медербек кызы Акмарал 3-орунду ээледи. Мындай иш-чаралар жамааттын ынтымагын бекемдеп, улуттук салттарды даңазалоодо, сергек жашоо образын жайылтууда өзгөчө мааниге ээ.
27 15:48 01-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|