News

«Педагогикалык тажрыйба – билимге көпүрө!»

2026-жылдын 12-мартында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинин филологиялык дисциплиналар циклынын окутуучулары Ош көп профилдүү колледжинде конок лекция өткөрүштү. Иш-чара “Башталгыч класстарды окутуу” адистигинде билим алып жаткан студенттерге багытталып, педагогикалык тажрыйба алмашууга жана заманбап окутуу ыкмаларын жайылтууга арналды. Мамасадыков А.У. жана Садык кызы Жанылмырза интеграцияланган окутуунун жолдору боюнча баяндама жасашса, Абышиева А.О. жана Эргешова Н.А. орус тили жана адабияты сабактарында оюн ыкмаларын колдонуу боюнча лекция өтүштү. Студенттер активдүү катышып, суроо-жооп аркылуу өз билимдерин бекемдешти.
28 16:07 01-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|