Жанылыктар

ОшМУ жана ФерМУ: билим берүү жана илим тармагындагы кызматташтыктын жаңы кадамдары

2026-жылдын 25–27-март күндөрү Ош мамлекеттик университети менен Фергана мамлекеттик университетинин (Өзбекстан) ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин алкагында ФерМУнун делегациясы ОшМУга иш сапары менен келди. Делегациянын курамында 11 профессордук-окутуучулук курам жана химия багыты боюнча 2-курстун 19 студенти болду.

Иш сапардын жүрүшүндө ФерМУнун Табигый илимдер факультетинин профессор-окутуучулары Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун студенттери үчүн экология, химия, товарлар химиясы жана химияны окутуунун методикасы боюнча тандоо курстарынын алкагында конок лекцияларды өтүштү. Лекциялардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Бул иш сапар эки окуу жайдын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө менен катар, келечектеги биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.

154 09:59 02-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|