2026-жылдын 1-апрелинде Табият таануу ПЦКсы тарабынан ФЮКтун 20 жылдык юбилейине арналаган илим жумалыгынын алкагында «Табият сырлары жана илим» аттуу илимий кече болуп өттү.
02:31
03-04-2026
58
2026-жылдын 1-апрелинде Табият таануу ПЦКсы тарабынан ФЮКтун 20 жылдык юбилейине арналаган илим жумалыгынын алкагында «Табият сырлары жана илим» аттуу илимий кече болуп өттү.
Бул кечеде кызыктуу илимий баяндамалар окулуп, ыр-бий менен коштолгон концерттик программа, көргөзмөлөр жана интеллектуалдык оюндар уюштурулду.
Илимий кечеге А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору А.У. Бабеков жана Ош шаарындагы «Азия Кембридж» мектебинин директору, б.и.к., доцент Г.А. Садыкова, ошондой эле п.и.к. Д.Р. Сатывалдиев катышып, өздөрүнүн кызыктуу маалыматтары менен бөлүшүштү.
Илимий кечеде студенттер окутуучулар (Ж. Камбар кызы, З. Кудайберди кызы, М. Беккулов, Дж. Эргешова) менен биргеликте илимий баяндамаларды жасашты.
Студенттер өздөрүнүн билимин, чыгармачылыгын жана изилдөө жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Активдүү катышкан студенттер дипломдор менен сыйланышты.