Жанылыктар

Ачык сабак

2025-жылдын 18-декабрында «Физика, математика» бөлүмүнүн окутуучусу Бакалбай кызы Гулина «Укук таануу» адистигинин 9-база, 1-курс, 5-кыргыз агымынын студенттери үчүн математика предмети боюнча «Татаал функциянын туундусуна мисалдарды иштөө» темасында ачык сабак өттү. Ачык сабакка Кожобекова Уулжан, Абдылдаева Айгүл, Култаева Бегимай, Акназар кызы Канайым катышышты. Сабактын жүрүшүндө студенттер татаал функциянын туундусунун формулаларын колдонуу менен мисалдарды иштешти, ошондой эле анын физикалык жана техникалык колдонулуштары менен таанышышты. Студенттер сабакка активдүү катышып, суроолорду берип, мисалдарды чыгаруу аркылуу билимдерин бекемдешти. Сабак негизинен өз максатына жетти.
58 02:35 03-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|