Жанылыктар

«Акча каражаттарынын глобалдык жумалыгы – 2026: Санариптик каржы технологияларынын өнүгүү шартында жаштардын финансылык сабаттуулугу»

2026-жылдын 2-апрелинде Ош шаарында «Акча каражаттарынын глобалдык жумалыгы – 2026» эл аралык демилгесинин алкагында жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Ош мамлекеттик университети менен биргеликте жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму каржылык колдоосу менен уюштурулду.

Тандалган тема алкагында жаштарда жоопкерчиликтүү финансылык жүрүм-турумду калыптандыруу, финансылык кызматтарды тандоодо сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле санариптешүү шартында финансылык коопсуздукту жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын программасы төмөнкү багыттарды камтыды:

  • жеке финансыны пландоо жана башкаруу;
  • акча топтоо жана кредит алуу;
  • инвестициялык инструменттер;
  • исламдык каржылоо;
  • санариптик каржы технологиялары;
  • финансылык коопсуздук.

Программанын маанилүү бөлүгү катары мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын жана каржы уюмдарынын өкүлдөрү катышкан финансылык жарманке уюштурулду. Анын алкагында катышуучулар практикалык кеңештерди алып, депозиттерди коргоо жана финансылык алдамчылыкка каршы күрөшүү боюнча маалымат алышты.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын доценти Момошева Гулиза Абылкасымовна финансылык сабаттуулук боюнча мини-тренинг өткөрүп, катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.

Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар тарабынан оң баага ээ болду. Бул анын актуалдуулугун жана практикалык маанисин дагы бир жолу тастыктады.

182 03:21 03-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|