Журналистика адистигинин студенттери эл аралык фестивалда байгелүү орундарга ээ болушту
04:28
03-04-2026
18
26–28-март күндөрү Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Жоогазын-2026” аттуу жарнама жана коомчулук менен байланыш боюнча эл аралык фестиваль өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Өзбекстандын 16 университетинен студенттик командалар катышып, жашыл экономика, жасалма интеллект жана социалдык жоопкерчилик темаларында долбоорлорун сунушташты.
Фестивалдын жыйынтыгында ОшМУнун журналистика адистигинин студенттери ийгиликке жетишти: Айтунук Мамытбек кызы биринчи орунду, Раатбек Төрөгелдиев үчүнчү орунду ээледи.
“Жоогазын” фестивалы 2017-жылдан бери өткөрүлүп, студенттерди жарнама жана PR тармагында иш берүүчүлөр менен байланыштырууну жана теориялык билимди практикада колдонууга шарт түзүүнү максат кылат.