Билим таймашы: ЭАББП колледжинде тарых олимпиадасы өттү
06:10
03-04-2026
33
2026-жылдын 1-апрелинде Эл аралык билим берүү программалары (ЭАББП) колледжинде 1-курстун студенттери арасында Тарых предмети боюнча олимпиада болуп өттү. Билим сынагына жалпысынан 29 студент катышып, өздөрүнүн тарыхый билимдерин сынашты.
Олимпиаданын жыйынтыгында «Англис тили» (ELC) жана «Котормо иши» адистиктеринин студенттери мыкты даярдыктарын көрсөтүп, жеңүүчү аталышты:
Калмурзаева Л.
Сыдыкова Т.
Саипова Ф.
Алиева А.
Эсенова А.
Жылкелдиева М.
Бул студенттер апрель айында өтө турган колледждер аралык олимпиадага жолдомо (путёвка) алышты. Жеңүүчүлөрүбүздү куттуктап, кийинки этапта ийгиликтерди каалайбыз!