Ички оорулардын пропедевтикасы жана факультеттик терапия кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент Э.Н. Бекешова жана окутуучу Г.А. Арипова 2026-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында өткөн «Миррахимовские чтения-2026» эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышып келишти.
Конференциянын жүрүшүндө жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларды дарылоонун заманбап ыкмалары, жасалма интеллект жана санариптик технологияларды колдонуу маселелери талкууланды.
Иш-чарага катышуу кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана жаңы тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.