Новости

Самаган Мырзаибраимов ОшМУнун теология факультетинде конок лекция окуду (03.04.26)

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу Илим-изилдөө институтунун директору, доцент Самаган Мырзаибраимов “Салттуу ислам түшүнүгү жана анын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүгү” аттуу темада мазмундуу конок лекция окуду. Лекциянын жүрүшүндө баяндамачы салттуу ислам түшүнүгүнүн негиздерин терең талдап, айрыкча Ханафий мазхабы менен Матуридий акыйдасынын өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолду. Ал аталган диний мурастардын коомдогу руханий туруктуулукту сактоодогу маанисин өзгөчө баса белгиледи. Иш-чара жандуу суроо-жооп форматы менен уланып, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Лекция студенттер жана окутуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду. Бул илимий иш-чаранын негизги максаты — коомдо адеп-ахлактык баалуулуктарды жана улуттук нарк-насилди бекемдөө, ошондой эле өлкөбүздүн руханий маданиятын өнүктүрүүгө салым кошуу болуп саналат.
23 10:17 03-04-2026

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|