Жанылыктар

Апрель, 2026. ЭАМФтин студенттери "Анатомия – бул тагдыр" аттуу эл аралык олимпиадасында 1-орунду ээлешти.

2026-жылдын 3-апрель күнү Ош эл аралык медициналык университетинин базасында өткөн морфологиялык дисциплиналар боюнча "Анатомия – бул тагдыр" аттуу эл аралык студенттик Олимпиадасында "Fantastic Five" командасы жеңишке жетишкен. Олимпиадага ЖАМУдан, ЭАЖММден, ОшМУнун медицина факультетинен жана ОЭАМУдан биригип жалпы 9 команда катышты. "Fantastic Five" командасынын курамына ЭАМФтин 2-курсунун студенттери: Amegha Nair, Pranab Khamroi, Ramesh Bhavana, Afrin Leyna, Nafeesa Fyha кирди. Улук окутуучу Асанбек кызы Канымгүлдүн илимий жетекчилиги астында команда жогорку деңгээлдеги даярдыгын, билимин, көндүмдөрүн көрсөтүп, 1-орунду ээледи. Куттуктайбыз!
55 03:22 04-04-2026

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|