ОшТУ студенттеринин академиялык мобилдүүлүгү
Ош технологиялык университетинин студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында STEM инновациялык колледжине келишти. Бул программа студенттерге башка билим берүү чөйрөсүндө билим алып, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түздү.
Мобилдүүлүктүн жүрүшүндө студенттер окуу процессине активдүү катышып, жаңы билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Ошондой эле заманбап окутуу ыкмалары менен таанышып, өздөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатышты.
Аталган программа алкагында келген студенттерге окутуучу Назарбек кызы Тансулуу убактылуу куратор болуп, алардын окууга адаптацияланышына жана уюштуруу иштерине колдоо көрсөттү.
Мындай программалар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.