Кыргыз Республикасы тууралуу жапон аудиториясы үчүн онлайн-презентация
06:40
04-04-2026
23
2026-жылдын25-мартында Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эл аралык кызматташууну өнүктүрүү алкагында Ош мамлекеттик университетинин ЭАББПЖМнын РЕИ бөлүмүнүн окутуучусу Асанахунова Зарина «Аймак таануу» программасынын 4-курсунун студенттери менен биргеликте Япониядагы «Юмекана Кидс» (オリジナル民間学童ゆめかなキッズ) жеке билим берүү борборунун студенттери үчүн Кыргызстан тууралуу онлайн-презентация өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер жапон тилинде мазмундуу презентация даярдап, катышуучуларды Кыргызстандын тарыхы, улуттук өзгөчөлүктөрү, кооз жерлери жана маданий мурасы менен тааныштырышты. Айрыкча маданияттардагы окшоштуктар жана айырмачылыктарга өзгөчө көңүл бурулуп, бул катышуучулардын жандуу кызыгуусун жаратты.