Эл аралык вебинар: Япониянын билим берүү модели жана анын глобалдык ролу
06:56
04-04-2026
41
2026-жылдын 24-февралында Кокон мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын окутуучулары менен кызматташтыкта «Дүйнөлүк билим берүү системасында Япониянын билим берүү моделинин ролу» аттуу темада эл аралык вебинар уюштурулду.
Аталган вебинардын алкагында Ош мамлекеттик университетинин ВШМОПунун ОРЕИ бөлүмүнүн окутуучусу Асанахунова Зарина Маматовна «Япониянын билим берүү модели жана анын глобалдык ролу» аттуу темада баяндама жасады.
Асанахунова З.М. өз баяндамасында Япониянын билим берүү системасынын алдыңкы тажрыйбасын, инновациялык ыкмаларын, окуу процессин уюштуруунун механизмдерин, ошондой эле анын эл аралык рейтингдердеги ордун ар тараптуу талдап берди.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык кызматташууну кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана илимий-практикалык изилдөөлөрдү ишке ашыруу боюнча сунуштарын билдиришти.