News

Өзгөн медициналык колледжинде мамлекеттик тилдин абалы жана «Сабаттуу бол» акциясы алкагында мониторинг жүргүзүлдү

Ош мамлекеттик университетинин буйругунун негизинде , атайын түзүлгөн эксперттик комиссия Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде мамлекеттик тил мыйзамдарынын аткарылышын текшерүү максатында мониторинг жүргүздү. Комиссия тарабынан окуу жайдагы төмөнкү багыттар боюнча комплекстүү иштер алып барылды: Тил саясаты жана жарнама: Окуу имаратындагы көрнөк-жарнактардын жана маалымат такталарынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамга ылайыктуулугу. Иш кагаздары: Ички документтердин жана буйруктардын мамлекеттик тилде туура түзүлүшү жана жүргүзүлүшү. Структура жетекчилердин сабаттуулугу: «Сабаттуу бол» акциясынын алкагында Структура жетекчилерден тил билүү деңгээлин аныктоо үчүн жат жазуу иштери алынды. Комиссиянын курамы Төрайымы: Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, п.и.к., доцент М.С. Шарипова. Мүчөлөрү: Ф.и.к., доценттер Г.Т. Жеенбаев, К.Ж. Нармырзаева, Р.К. Ормокеева жана башка тажрыйбалуу окутуучулар. Бул мониторинг окутуучулар жана студенттер арасында эне тилин барктоо, сабаттуу жазуу маданиятын калыптандыруу жана окуу жайдын иш кагаздарын санариптик доордо мамлекеттик тилде так жүргүзүү максатын көздөйт.
38 09:09 04-04-2026

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|