Haber

Колледж райондук ишембиликке катышты

Ош–Бишкек унаа жолунун Төрт-Көл айыл аймагындагы тилкесинде кеңири масштабдагы тазалык ишембилиги жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бул саамалыкка Ош мамлекеттик университетинин Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин эмгек жамааты жана студенттери жигердүү катышып, жол жээгиндеги таштандыларды тазалап, айлана-чөйрөнүн көркүнө көрк кошушту. Мындан тышкары, колледждин окуу корпустарында да ишембилик уюштурулуп, айлана аймак көрктөндүрүлдү. Гүлдөр отургузулуп, бак-дарактар акталып, арыктар тазаланып, окуу аудиториялары иретке келтирилди. Бул иштер билим берүү жайынын тазалыгын гана камсыздабастан, эстетикалык көркүн арттырып, студенттер үчүн жагымдуу шарттарды түздү. Мындай демилгелер — тазалыкка, тартипке жана жаратылышка болгон камкордуктун айкын үлгүсү болуп саналат.
31 09:15 04-04-2026

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|